From Wikipedia, the free encyclopedia
«Ак илбирстин тукуму» (орус. Потомок белого барса) — 1984 жылы режиссёр Төлөмүш Океев тарабынан «Кыргызфильм» студиясында тартылган, эки бөлүмдүү совет-көркөм тасмасы.
Ак илбирстин тукуму
| |
Жанры | |
---|---|
Режиссёру | |
Сценарийдин автору | |
Башкы ролдордо |
Догдурбек Кыдыралиев, Ашыр Чокубаев, |
Оператору |
Нуртай Борбиев |
Композитору |
Муратбек Бегалиев |
Кинокомпания |
Кыргызфильм |
Узактыгы |
110 мүнөт |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
IMDb |
Тасманын бет ачаары 1985 жылы апрель айында болгон.Кинону көрсөтүү укугун дүйнөнүн 35 өлкөсү сатып алган.1985-жылы Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда "Күмүш аюу" сыйлыгын утуп алган. 1986-жылы Азия өлкөлөрүндө өткөн фестивалда "Дамаск кылычы" сыйлыгына ээ болгон.
Көзгө атар мерген Кожожаш бүтүндөй бир айылды мергенчилиги менен баккан тың чыкма жигиттерден болот. Эли ачкачылыктан кырыла баштаганда Кожожаш ашуу ашып Мундузбай аттуу байдан досу Касен экөө жардам сурап барышат. Байдын токолу Айкени көңүлүндө жактырып калган Кожожаш, ал айылга кийинки барышында Айке менен жолугат. Бул аралыкта Айке да ичинен тымызын Кожожашты күтүп жүргөн болот. Мергенчинин бул кылыгын билип калган жубайы Зулайка өлгүсү келет. Кийин Зулайка Айкени баласы менен алып кел дейт. Бирок Мундузбай баланын Кожожаштан экенин билип турса да, мураскери жок болгондуктан уулум деп элге жар салып, той берет. Мергенчи элин ачарчылыктан куткаруу максатында бөкөндөрдү аёосуз кыра баштайт. Алардын этин айыл эли жесе, мүйүздөрүн мылтыкка алмаштырып, уулу менен сүйгөнүн Мундузбайдан кайтарып алууну тымызын көздөйт. Бөкөндөрдүн арасында, алардын терисинен тон кийген өз уулу Карагулду тааныбай Кожожаш өз колу менен атып алат.Тасманын негизги мазмунунда "жаратылышка болгон ырайымсыздыктан, жаратылыш өзүнүн өчүн алышын" баяндайт.
Актёр | Роль |
---|---|
Догдурбек Кыдыралиев | Мергенчи Кожожаш |
Ашыр Чокубаев | Касен |
Алиман Жангорозова | Уруу башчысы Сайкал |
Марат Жантелиев | Саяк |
Жамал Сейдакматова | Мундузбайдын байбичеси Бегайым |
Досхан Жолжаксынов | Мундусбай |
Акыл Куланбаев | Карыпбай |
Бийиктиги 6995 метр болгон Хан-Теңир чокусуна Каракол шаарынан тик учак менен 40 мүнөттө, жөө барса 3 күндө жетет. Тик учак бороон-чапкындын айынан Хан-Теңирге жете албай, актёрлор тамак-ашы жок ачка калышкан. Тоңуп кала жаздашканда гримге колдонуучу спиртке кар кошуп ичип, сууктан аман калышканын актёрлор көп эскеришет.
Кожожаш менен Касендин Мундузбайдын боз үйүнө кирип саламдашып турган учуру. Байдын айылына жеткиче жигиттер кар көчкүдө калышат. Көчкүнү чыгармачыл топ атып түшүрүшкөн. Чу дегенде эле кинону Төлөмүш Океев ушул көрүнүштү тартуу менен баштаган. "Тартууну эмнеге ушундан баштадыңыз?" деп сурашканда "Ашыр менен Догдурбек каза болуп калса, башка актёрлор менен кайра башынан тартуу керектигин ойлодум" деп, кинорежиссёр тамаша-чыны аралаш жооп кайтарган экен.
Жалама аскаларда мышыктай секирип чуркап жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди Москвадан келген альпинисттер "жүрү биз менен кет, сен көп чокуларды багынтасың" дешкен. Бирок Кожожаштын ролун жаратам деп суукка тоңгон актёр альпинисттердин сунушунан баш тарткан. Актёр бул ролу үчүн 8000 рубль гонорар алган.
Алгач уруу башчысы манасчы кемпирдин ролуна Жамал Сейдакматова кабыл алынып, аны гримдин жардамы менен картайтмак болушат. Актриса "аны ойнобойм" дей бергендиктен, ага Мундузбайдын байбичесинин ролу тийип, манасчы кемпирди Алиман Жангорозова аткарат.
Акыл-эси кем баланын ролун аткарган Марат Жанталиевди кемпирлер чындап жинди деп ойлошуп, "Кудайдын кылганы да, келегой, айран ич" дешсе, жаш балдар аны теңтуш кылып алышкан.
Режиссёр мергенчилерге илбирс, кайберен кармап келгиле деп тапшырма берген. Алар таап келген үч жашар илбирс кино тартылып бүткөндөн кийин Москвадагы, Сур эчки араб өлкөлөрүнүн бирине зоопаркка өткөрүлгөн.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.