From Wikipedia, the free encyclopedia
Аксы району (1992-жылга чейин — Жаңы-Жол району) — Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы район. Административдик борбору — Кербен шаары[3].
Район облустун борбору Жалал-Абад шаарынан түндүк-батыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте, Фергана өрөөнүнүн түндүк четинде жайгашкан.
Аксы району Өзбекстандын Наманган облусунун төрт району менен чектешет (Жаңы-Коргон, Чартак, Үйчү, Үч-Коргон). Аксы районунун Өзбекстан Республикасы менен болгон чек арасынын узундугу 142 км түзөт.
Райондун аймагында азыркы убакта төмөнкү коруктар түзүлгөн жана иштейт:
Кыргызстандын 2009-жылкы элди каттоосу боюнча райондун калкынын саны 113010 адам. Алардын ичинен кыргыздардын саны 107447 адам (95,1 %), өзбектер — 4802 адам (4,2 %), орустар — 305 адам (0,3 %).
Райондо 1 райондук маанидеги шаар, 11 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 78 айыл бар[4].
Райондук маанидеги шаар жана анын курамындагы айылдар:
Айыл аймактары жана алардын курамындагы айылдар:
Эскертүү: Таш-Көмүр — Жалал-Абад облусунун облустук маанидеги шаары. Шамалды-Сай жана Кызыл-Жар шаар тибиндеги посёлоктору (штп), Теңдик, Кашкулак-Сай, Чүйүт-Сай, Кызыл-Алма жана Кудук-Сай айылдары Таш-Көмүр шаарынын курамына кирет.
Бул бөлүмдөгү маалыматтар эскирген. Маалыматты жаңыртып, долбоорго жардам бере аласыз. |
Аксы районунун Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чек арасынын бөлүктөрүндө 8 талаш жерлер бар, алардын жалпы аянты 513 га. Чек аранын белгисиздиги эки өлкөнүн жарандары ортосунда болуп чыккан чыр-чатактардын негизги себеби.
2002-жылы Аксы районунда калк менен укук коргоо органдары ортосунда жаңжал чыккан. Калктын талаптарынын бири болуп кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимден баш тартуу болгон.
Мурда Ош облусунун курамына кирчү. 1990-жылы Жалал-Абад облусуна өткөн. 1992-жылга чейин Жаңы-Жол району деп аталган.
Жеңижок Нүзүп Бий Токтосун Тыныбеков Бекназар Баатыр Алымкан Көксулуу
Бир катар даңазалуу инсандар, илимпоздор, коомдук ишмерлер чыккан.
Алардын арасында тарых илимдеринин кандидаты Туратбек Жоробеков (1946-2016), экономика илимдеринин кандидаты Кадыржан Райымбеков, педагогика илимдеринин доктору Сатканбай Момуналиев, биология илимдеринин кандидаты Максатбек Казакович Мамытбеков, саясат таануу илимдеринин кандидаты Уран Токтоназарович Ботобеков, ж.б. чыккан.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.