Акбар шах, Биринчи
From Wikipedia, the free encyclopedia
Акбар шах, Улуу Акбар шах, Акбар шах Биринчи, толук аты – Жалал ад-Дин Мухаммад Акбар (1542-1605; арапча جلالالدين محمّد اكبر) – айтылуу Бабур негиздеген Улуу Могол дөөлөтүнүн өкүмдарларынын бири. Ал – Бабурдун небереси болгон. Акбар шах тарабынан жүргүзүлгөн диний реформанын негизинде “Дин-и илахи” (арапча دين إلهي «ыйык дин») деп аталган синкреттик диний агым түзүлгөн, бирок бул гуманисттик аракет калайыкта кеңири колдоо тапкан эмес.