Ажал өрөөнү
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ажал өрөөнү же Өлүм өрөөнү (Death Valley) — АКШдагы Амаргоса жанa Панаминт кырка тоолорунун ортосунда, чоң бассейндин түштүк бөлүгүндө жайгашкан тоо аралык ойдуң. Мохаве чөлүндө (АКШ). Узундугу 250 чакырым. Түндүк Американын эң чуңкур (деңиз деңгээлинен 85 м төмөн жайгашкан) жери, суусуз ойдуң. Батыш жарымшардагы эң ысык жер; анда абанын температурасы 56,7°Сге чейин ысыйт. 1849-ж. алтын издөөчүлөр тобу суудан өксүп каза табышынан улам ушундай аталган.