From Wikipedia, the free encyclopedia
Адигине (Адыгине) - кыргыздын оң канатына кирген уруулук топтун аталышы. Этнонимдин баштапкы мааниси «адыг(к) + эне» маанисин туюнтат. Байыркы кыргыз (түрк) тилинде «адыг (к)», «азык» сөздөрү «аюу» деген тотемисттик маанини түшүндүргөн. Тувалардын тилинде аюу - «адыг», хакас тилинин диалектилеринде «азыг», «адыг» деп айтылат. Демек, оболу этноним «аюу эңе» маанисин туюнткан. Этнограф С.М.Абрамзон уруулук топтун аталышын «адыг» + «ини» - «аюунун иниси» - деген мааниде чечмелеген. Сибирдин түрк, тунгус-манжур тилдүү ж.б. элдеринде аюуга тотемдик жаныбар катары сыйынуу, ага арналган жамааттык (коллективдүү) диний ритуал каада-салтын өткөрүү эзелтеден сакталып келет. Бул уруулук топтогу этнонимдер (бөрү, жору, кара багыш, сарттар) да кыргыздардын шаман динине чейинки тотемдик көз караштарын, диний ишенимдерин чагылдырат. Кыргыздардын тотемисттик көз караштары Энесай жазуу эстелик- теринде, араб графикалуу булактарда, кытай жыл баяндарында эскерилет. Уруулук топтун өкүлдөрү Алай, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Чүйдө, Нарын, Ысык-Көл аймактарында, Өзбекстандын Андижан облусунун:Ходжо-Абад, Булак Башы,Жалал-Кудук, Ханабад, Коргон-Төбө ж.б. райондорунда, КЭРдин Шинжаң аймактарын эзелтеден байырлап келишери маалым.
Адыгинеге кирген уруулар:
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.