Агава (лат. Agáve, грек. Αγαυε — Кадманын кызынын аты, Пенфейдин энеси) — амариллистер тукумундагы өсүмдүк. Сабагы кыска, жалбырактары калың, чети тикенектүү. Чогуу өскөн жалбырактардын орто ченинен гүл сабагы (12 м ге чейин) өсүп чыгат. Гүлү көп. Агава 6—15 жылда бир жолу гүлдөйт. Мөмөсү бышканда, өсүмдүк куурап калат. Мексикада агаванын 300дөн ашык түрү жапайы өсөт. Крымдын түштүгүндө, Кавказдын Кара деңиз жээктеринде парктарда өстүрүлөт. Агаванын көп түрлөрүнүн жалбырактарынан аркан, жип эшип, таар токушат, калдыктарынан кагаз жасалат. Гүлдөө алдында алынган канттуу ширесинен алкоголь ичимдиктер даярдалат. Агаванын кай биринин тамыры медицинада дары-дармек катарында колдонулат. Кыргызстандын парктарында кооздук үчүн өстүрүлөт.
Галлерея
- Гүлдөп аткан чагы
- Агаваны хежерлөө, Мерзайя, Востраў Джэрба аралы
- Гүлдөп аткан чагы
- Роквуд мүрзөсүндө Австралия, Сидней
- Франция түштүгү, Аяк Оона 1978
- Ири планда алынганда, жалбырагынын тикени
- Ботаникалык бак, Чыгыш Колумбия, Кулжа айынын 29у 2012-жыл
- Американа Агавасы гүлдөөдө
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.
Wikiwand in your browser!
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.