![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a4/Flag_of_the_United_States.svg/langky-640px-Flag_of_the_United_States.svg.png&w=640&q=50)
АКШ тышкы кичи аралдары
From Wikipedia, the free encyclopedia
АКШ тышкы кичи аралдары (англ. United States Minor Outlying Islands) — курамына Тынч океанында жайгашкан сегиз арал аймагын, ошондой эле Кариб деңизиндеги Навасса аралын камтыйт. Бул термин 1986-жылы ISO 3166-1 өлкөлөрдүн жана баш ийген аймактардын аталыштарынын коддору аныкталган стандартынын колдонуу киргизилгенде пайда болгон.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a4/Flag_of_the_United_States.svg/640px-Flag_of_the_United_States.svg.png)
Пальмирадан башка бардык тышкы кичи аралдар АКШнын инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) уюшулган аймактар, башкача айтканда, алар өлкөнүн бирдиги эмес жана ээликтери. Пальмира атоллу — АКШнын инкорпорацияланган (курамына кирген) уюшулбаган аймагы.
Учурда бир дагы тышкы кичи аралынын туруктуу жашоочулары жок, убактылуу негизде жайгаштырылган аскердик жана илимий объекттердин жумшчулары гана бар. 2000-жылдагы эл каттоонун маалыматтарына ылайык тышкы кичи аралдарда 316 адам иштеген[1].
Навасса аралы Гаити менен, ал эми Уэйк атоллу Маршалл аралдары менен талашта жана толук макамы аныкталган эмес.
1997-жылы тышкы кичи аралдарга .um жогорку деңгээлдеги интернет домени ыйгарылган, бирок бул домендик аталышка талап жоктугуна байланыштуу 2007-жылы өчүрүлгөн[2].
ISO коду — UM.