From Wikipedia, the free encyclopedia
Айрансуу минералдуу суусу - дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булактары. Москва районунда, Ак-Суу кыштагынан 30 км түштүктө, Ак-Суу (Жарташ) минералдуу суусунан 3 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте. Суу жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Алгачкы геологиялык маалымат 1956-ж. берилген. Суу аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон кумдук, акиташ теги, сланец түзөт. Минералдуу суу булактары түндүк-чыгышка карай созулуп жаткан тектоникаклык жаракадан булак түрүндө агып чыгат. Суу муздак (7°-10°С), тунук, жытсыз, кычкыл даамдуу, көмүр кычкыл газдуу (С02500 мг/л). Аз минералдашкан (0,4-0,6 г/л), курамы гидрокарбонат-сульфат-кальций-магнийлүү. Булактын чыгымы 1 л/сек. Микрокомпоненттерден Ак-Суу минералдуу суусуна караганда молибден эки эсе көп (0,011 мг/л), фтор 0,35 мг/л. Суусундук катары ичсе болот.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.