Ыдык көрсөтүү
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ыдык көрсөтүү (харассмент, англ. Harassment), жыныстык асылуу) — Бул жеке чектерди жана субординацияны бузуу, жабышуу, кемсинтүү жана жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу. Ал физикалык (кѳӊүл каалабаган тийүү, ѳбүү, кучактоо, чымчуу), ошондой эле вербалдык мүнѳздѳ (уятсыз же кордоочу комплименттер, сексуалдык байланыш жѳнүндѳ түрдүү маанидеги ымдап-жаңсоолор жана башка) болушу мүмкүн.[1]
Ыдык көрсөтүү үйдө, жумушта, билим берүүчү жайларда, коомдук жайларда, таксде болушу мүмкүн. Мындай жагымсыз аракеттерге туш болгон адам чыңалуу, тынчсыздануу, өзүнө ишенбөөчүлүк, коркуу, импотенция, көз карандылык, үмүтсүздүк, күнөө, ишенимсиздик сыяктуу абалга дуушар болот. Агрессорлор өз курмандыктарынан баш ийүүнү күтүшөт жана мындай жүрүм-турум башка адамга олуттуу зыян келтириши мүмкүн.[2]
Кыргызстанда 2019-жылы алгач ирет харассмент (жыныстык ыдык) масштабы жөнүндө изилдөө жүргөн. Анын жыйынтыгында өлкөдөгү ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болору аныкталган.[3]