Мастика
From Wikipedia, the free encyclopedia
Мастика (гр. mastiche — мастика дарагынан алынган чайыр) курулуш ишинде — органикалык илээшкек зат менен майда тартылган кошундулардын аралашмасынан турган материал.
Кайсы илээшкек заттын кошулганына жараша мастика битумдуу, резина-битумдуу, полимердүү ж. б. болуп айырмаланат. Пайдаланышына жараша имараттын төбөсүн жабууга, үйдүн таманына керектелчү жанa герметизациялык болуп ажыратылат.
Мастика үйдүн төбөсүн жабууда түрмөктөп оролгон жабуу материалдарын, паркетти, линолеумду ж. б-ны желимдөөдө, курулуш конструкцияларында суу өткөрбөс катмар түзүүдө жанa курама конструкциялардын ашташкан жерин тыгыздаштырууда колдонулат.