Аман калган (тасма 2015)
2015-жылы тартылган АКШнын көркөм тасмасы / From Wikipedia, the free encyclopedia
Аман калган (англ. The Revenant) - 2015-жылы жарык көргөн АКШнын биографиялык вестерн триллер тасмасы. Режиссеру жана продюссерлеринин бири Алехандро Гонзалес Инарриту. Сценарийдин авторлору Инярриту менен Марк Смит. Майкл Пункенин 2002-жылы жазган ушул эле аталыштагы романына негизделип тартылган. 1823-жылы чек ара аймагында жашаган Хү Гласстын окуясын сүрөттөйт. Образдарды жараткандар Леонардо Дикаприо, Том Харди, Доналл Глисон жана Уилл Поутлер.
Аман калган
| |
The Revenant | |
Урааны |
«Кашык кан калгыча...» |
---|---|
Жанры |
Триллер, вестерн |
Режиссёру | |
Продюсери |
Стив Голин |
Сценарийдин автору |
Алехандро Гонзалес Инарриту, |
Башкы ролдордо | |
Оператору |
Эммануэль Любецки |
Композитору |
Рюити Сакамото |
Кинокомпания |
Regency Enterprises |
Узактыгы |
156 мүнөт |
Бюджети |
135 млн $ |
Кирешеси |
532 950 503 $ |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
IMDb |
Продюсер Акива Голдсман Пункенин кол жазмаларын сатып алгандан кийин тасманын үстүнөн 2001-жылдын август айында иштей баштаган. Инярриту 2011-жылдын августунда режиссерлук кылууга кол койгон. Башка долбоорлордон улам иш жылып олтуруп 2014-жылдын апрелинде Инярриту "Аман калган" тасмасынын үстүнөн иштей баштаарын ырастап, Дикаприо башкы ролду аткараарын айткан. Негизги тасма тартуу иштери 2014-жылдын октябрь айында башталганы менен жер жана актердук топко байланыштуу 2015-жылдын майынан августуна чейин создуктурулган.
Тасманын бет ачары TCL кытай театрында 2015-жылдын 16-декабрында болуп өткөн. 25-декабрда чектелген түрдө көрүүчүлөргө сунушталып, 2016-жылдын 8-январынан тарта кеңири катмарга көрсөтүлгөн. Тасма киносынчылардын оң баасына татыган. Аткаруу чеберчилиги, режиссура жана оператордук иш алкоо алган. "Аман калган" тасмасы Алтын глобустун үч сыйлыгын, БАФТАнын беш байгесин алган. 88-Оскар аземинде Инярриту (Эң мыкты режиссер), Дикаприо (Эң мыкты эркек актер) жана Эммануэл Лубецки (Эң мыкты оператордук иш) сыйлыктарга ээ болушкан. Дикаприо Алтын глобустун "Эң мыкты актер — драма тасмасы", АКШнын киноактерлор гилдиясынын "Эң мыкты эркек актер", Киносынчылардын "Эң мыкты эркек актер" жана БАФТАнын "Эң мыкты эркек актер" наамдарына да татыган.